“Президенттин, өкмөттүн жана мэриянын администрациясы таажывируска жапырт анализ тапшырып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин 20-30% ы гана иштеп жатат.
“Тесттин эки түрү бар – экспресс-тест, жана ПЧР тест. Айрыкча иш сапардан келгендерди, коопсуз аймактарда болгондорду жана коопсуздукту камсыздоочу кызматкерлерди гана текшердик. Аларды текшериш керек, текшербесе болбойт. Себеби, бүгүнкү күндүн талабы ошондой” – деп билдирди министр.
Ал ошондой эле, ММКлардын өкүлдөрүнө кайрылып, ишенимдүү гана маалыматтарды жайылтууга үндөдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ