КР Саламаттык сактоо министрлигине Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине карата ички иликтөө дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди.
Башкы дарыгер медициналык кызматкерлердин коопсуздугуна тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн айыпталууда, бул боюнча министрликке тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырылды.
Белгилей кетсек, 4-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин таажывируска каршы ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов таажывирусун жуктуруп алгандардын арасында 9 медициналык кызматкер бар экенин билдирген. 9 медициналык кызматкер: Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 1 иштешкен.
«Тобокелдик зонасында иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерин, ошондой эле оору жуктуруу тобокелчилиги бар башка бардык кызмат өкүлдөрүн ооруу жуктуруп алуу коркунучунан сактоо иретинде толук шарттар түзүлсүн», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Кыргызстан боюнча 216 адам таажывирусун жуктуруп алган. 33 адам илдеттен айыгып, 4 жаран оорудан улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ