Бишкек шаарында жана Чүй облусунда социалдык маанилүү товарларга максималдуу баа деңгээли жогорулады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, нан, шекер жана картошка кымбаттады. Нан 1 сом – 39 сомдон 40 сомго чейин, шекер 3 сом – 40 сомдон 43 сомго чейин, картошка 15 сомдон – 25 сомдон 40 сомго чейин.
Максималдуу баанын деңгээли (1 килограмм / 1 литр):
– Ун- 30,5 сом (1-сорт) жана 23 сом (2-сорт)- 23 жана 30,5 сомдон;
– Жергиликтүү сүт- 50 сомдон (майлуулугунун пайызы 2,5);
– Өсүмдүк майы- 90 сом;
– Каймак май- 350 сом ( Чүй облусунуку) жана 410 сом (Талас облусунуку);
– Эт- 360 сом (уйдуку жана койдуку) жана 290 сом (чочконуку);
– Кум шекер- 43 сом;
– Макарондор- 50 сомдон;
– Картошка- 40 сом;
– Күрүч- 85 сом (жергиликтүү) жана 90 сом (импорттолгон).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ