Menu

Республика боюнча 6 миң гектарга картошка эгилди

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө 6 миң гектар аянтка картошка эгилди, бул пландагы көлөмдүн 8,5-9% ын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Нарын облусунда жана Ысык-Көл облусунда жана башка облустарда дагы картошка эгилип, 2019-жылга салыштырмалуу 1 миң гектар аянтка көп болгон.

“Жүгөрүнү себүү дагы былтыркы жылга салыштырмалуу көп болуп жатат. Жалпы 5,2 миң гектар аянт, 2019-жылга салыштырмалуу 1,4 миң гектарга көп болду.

Ошондой эле, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында  жашылча-жемиштерди, бакча өсүмдүктөрдү өстүрүү иштери башталды.

“Кант кызылчасын себүү жакшы ылдамдыкта жүрүүдө. Азыртадан эле 3,44 миң гектарга же 24,5% себилген. Чүй облусунда 3,4 гектар жер айдалды, ал эми Талас облусунда айдоо иштери башталды. Өткөн жылы бул убакта айдоо иштери башталган эмес” – деп кошумчалады Жаныбек Керималиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: