Menu

Москвада күйүп өлгөн кыргыз жаранынын өздүгү такталды

Бөлүшүү:

Москва шаарында чыккан өрттүн кесепетинен Кара-Суу районунун Каарман айылынын тургуну каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде маалыматты Медин айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанов тастыктады.

Анын айтымында, чатыр лагеринде өрт чыкканда баары качып чыгып, мекендешибиз документи калып калгандыктан, алып чыга коёюн деп кирип кеткен. Ошол боюнча күйгөн чатыр басып калып, чыга албай калган. Өрт катуу болгондуктан, жанындагылар жардам бере албай калышкан.

“Маркум курулушта иштеп жүргөн. Кырсык тууралуу маалыматты маркумдун туугандары бүгүн гана билишти. Кыязы, жубайы дагы бүгүн эле билди”, – деди Матанов.

Каза болгон жаран 1981- жылы туулган Б.Нургазиев экени белгилүу болду. 

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилиги 30-мартта болжол менен саат 11де Москва шаарынын Троицкий районундагы Голохвастово айылында таажывирус жуктургандардын ооруканасынын курулушунда өрт болгонун кабарлады.

Кыргызстандын 9 жараны жашаган 2 чатыр өрттөнүп, жарандардын жеке буюмдары жана документтери күйүп кеткен.

Бул мекемеде иштеген кыргызстандыктар дагы деле ишин улантышууда. Аларды азыр башка чатырларга которушкан. “Айлык-тиричилик жана жашоо шарттары канааттандырарлык. Аларда тамак-аш жана башка жашоо шарттары боюнча суроолор жок. Медициналык жана өрткө каршы кызматтар дайыма иштеп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин маалыматы боюнча, мекемеде 2000дей адам иштейт, алардын 32си Кыргызстандын жарандары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: