Кечээ, 5-апрель күнү Аламүдүн районунда унаасына жасалма уруксат кагазын чаптап алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, болжол менен саат 17:00дө Ленин айылынын кире беришиндеги фильтрациялык постто Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй облусунун МАИ кызматкерлери ак түстөгү “Toyota Ipsum” автоунаасын текшерүү үчүн токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда Чүй облусунун 49 жаштагы К.В. аттуу тургуну өзгөчө кырдаал учурунда Бишкек шаарында эркин жүрүү үчүн жасалма уруксат кагазын колдонуп жүргөнү аныкталган.
“Чогулган материалдар Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды” – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ