Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, иш берүүчү менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында, көмүртек кычкылынан ууланган Кыргыз жаранынын туугандарына компенсация төлөнөт.
Эске салсак, 4-апрелден 5-апрелге караган түнү Москванын Троицк жана Новомосковск административдик райондорундагы курулуш аянтчасында жумушчулар үчүн чатырда өрт чыккан. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгон.
Жумуш берүүчү сөөк коюуга кеткен чыгымды төлөп, компенсация төлөп бериши керек. Элчилик маркумдун сөөгү коюлган жер анын жакындары тарабынан аныктала тургандыгын, бирок аба кызматы үзгүлтүккө учурап жаткандыгын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ