Эмне үчүн акыркы 24 саат ичинде Кыргызстанда 69 адамдан таажывирусу табылды? Бул суроого КР Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова жооп берди.
Жаңы учурлар: Ноокат районунда – 42, Кара-Суу районунда — 3, Ош шаарында – 2, Ош облусунда жалпысынан 47, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда — 13, Бишкек шаарында – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында – 1, Баткен районунда – 1, Чүй облусунун Кемин районунда— 1 катталган.
“Бул акыркы сутка ичинде 12-13-мартта умрадан келген жарандардан алынган үлгүлөр сыноодон өткөндүгүнө байланыштуу. Алардан үлгүлөр алынып тоңдурулган, 17-марттан бери ал адамдар обсервацияда жаткан” – деп билдирди.
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынан маалыматы боюнча, тилекке каршы, ПЧР диагностикасы үчүн реагенттердин жоктугунан улам, умрадан келгендерден үлгүлөрдү өз убагында сыноого мүмкүн болгон жок, бирок өз убагында байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында, калк арасында COVID-19нын андан ары жайылышынын алдын алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ