Menu

Нью-Йоркто коронавирустан эки өзбекстандык каза болду

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Нью-Йоркто коронавирустан өзбекстандык эки киши каза болду. Маркумдар Кошмо Штаттарда үй-бүлөлөрү менен жашап, иштеп жүрүшкөн.

3-апрелде Бруклиндеги ооруканада көз жумган өзбекстандык аялдын туугандары анын коронавирустан өлгөнүн тастыкташты. Маркум 60 жашта болгон, акыркы 10 жылдан бери АКШда жашаган.

Ал карыган кишилерди багып иштеген жана көп жылдан бери кант диабетинен жабыркап жүргөн. Эки апта мурун ал коронавирустун белгилери менен ооруканага жеткирилген, бирок үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн. Бир жумадан кийин абалы начарлап, кайра ооруканага жатып калган.

2-апрелде болсо өзбекстандык 51 жаштагы киши коронавирустан көз жуумуп, сөөгү жерге берилген.

Маркум соңку 6-7 жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган, ал дагы кант диабети менен жабыркап жүргөн. Марттын ортосунда вирус жуктуруп алган.

Айрым маалыматтар боюнча Нью-Йоркто 50 миңден кем эмес өзбек иммигранттары жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: