Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Апрель окуяларынан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Быйыл Апрель элдик революциясына 10 жыл толду.

Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты  болгон бул окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң.

Жыл өткөн сайын бул элдик революциянын  баасы, калтырган сабагы даана билинип жатат.

Адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандарыбыз өз өмүрлөрүн Кыргызстандын келечегине арнашты.

Бул күн — биз үчүн ыйык.

Шейит кеткендердин умтулган тилектери — алардын бизге калтырган осуяты.

Элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун көрсөткөн күн — 7-апрель — жыл сайын салтанатуу белгилене турган дата.

Элдик революциянын 10 жылдыгына арнап, атайын Жарлыкка кол коюп, бир нече иш-чараларды белгиледик.

Алардын катарында Апрель жана Аксы окуяларында шейит кеткен  баатырларыбыздын элесин түбөлүккө калтыруу максатында — „Таазим“ эскерүү музейи курулду.

Адамзатты каптап келген илдеттин кесепетинен улам, жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калды.

Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет.

Биз бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз.

Урматтуу мекендештерим!

Апрель революциясы мамлекетибиздин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болду.

Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды.

Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз.

Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады.

Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган.

Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Бүткүл дүйнө кыйын кезеңди баштан кечирип жаткан мезгилде, сиздерге дагы бир жолу кайрылам.

Учурда баарыбыз — мамлекеттик бийлик, жалпы коом, ар бир мекендешибиз чоң сыноого туш болдук.

Илдетке каршы багытталган чаралар, калктын аярлуу катмарын колдоого арналган кадамдар, ишкерлердин түйшүгүн жеңилдетүүнү көздөгөн иш-чаралар аткарылып жатат.

Бул илдеттен жарандарыбыздын айыга баштаганы — врачтардын тынымсыз эмгегинин натыйжасы — баарыбыз үчүн жакшы кабар.

Өз өмүрүнө болгон коркунучка  карабай, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерибизге элибиздин атынан дагы бир ирет терең ыраазылык билдирем!

Дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, укук коргоо органдарынын ишин колдоого милдеттүүбүз.

Эч кимдин „бул илдет мага келбейт, мага жукпайт“ деп тобокелдикке барууга акысы жок.

Өзгөчө кырдаалдын тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык жарандары үчүн коркунуч жаратат.

Азыр дүйнө боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты.

Кыргызстанда да оору жугузгандардын саны өсүп жатат.

Тилекке каршы, каза болгон да учур катталды.

Ошондуктан сиздерге дагы бир жолу кайрылам: ар бир жараныбыз, кары-жашына, ээлеген кызматына, коомдогу ордуна карабай, медициналык талаптарды так аткарып, үйдөн  чыкпай, тартипти бекем сактоого милдеттүү.

Катуу тартип менен гана илдеттен коргонуп, анын таралышына бөгөт кое-алабыз.

Урматтуу мекендештерим,

Дүйнө элинин катарында биз дагы күндөлүк турмушта бир катар ыңгайсыздыкка туш болдук.

Жумушу убактылуу токтоп, күнүмдүк тиричиликте кыйналып жаткан мекендештерибиз да бар.

Өкмөт жана жергиликтүү бийлик калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтө баштады.

Өз ырыскысы менен тең бөлүшүп жаткан мекендештерибизге, жардамга муктаждарга кол сунуп жаткан ишкерлерибизге терең ыраазылык билдирем.

Бизди колдоп жаткан тилектеш мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн жардамын бийик баалайбыз.

Бул илдет менен күрөштө биз жалгыз эмеспиз.

Урматтуу мекендештерим!

»Жаздын бир күнү — бир жылга тете« дегендей, эртеӊки күндү да эстен чыгарбоо абзел.

Өкмөт жана жергиликтүү бийлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

Жазгы-талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өткөрүү үчүн баба дыйкандарыбызга  зарыл болгон колдоо көрсөтүлүшү керек.

Ардактуу замандаштар!

Мындан да оор кыйынчылыктарды биримдикте, бири-бирибизди колдогон тилектештик менен жеңип келгенбиз.

Бул келген сыноо да элибизди чыйралтты.

Ынтымагын бекемдеди.

Буюрса, Кудайдын колдоосу менен азыркы кырдаалдан да чыгабыз.

Ар дайым жергебизде  тынчтык, элибизде амандык болсун!

Жараткан Кудайым Өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: