Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “2010-жылы 6-апрель күнү менин үйүмдө жатышкан Азимбек Бекназаров менен Алманбет Шыкмаматовго Бишкектен 1 сумка акча келген”

Бөлүшүү:

“Мындан туптуура 10 жыл мурун, 2010-жылы биз Нарындын 21 активисти чогулуп, Бишкектеги Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Алманбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев сыяктуу суу куйдулардын “Бакиев уурдап жатат, жеп жатат” десе ишенип, Бакиевдин бийлигине каршы “21 кыймылын” түзүп, элди бийликке каршы үндөп, Бакиевди бийликтен кетирүүнүн айла-амалын көрө баштаганбыз”, – деп билдирди бүгүн, 6-апрелде Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“2010-жылы 6-апрелде менин үйүмдө Бишкектен келген бийликке каршы үгүтчүлөр Азимбек Бекназаров менен Алманбет Шыкмаматов “Бишкектен акча келет” деп күтүп олтурушкан. Түн жарымда СДПКнын депутаты Дамира Ниязалиева бир сумка акча көтөрүп келип, Азимбек менен Алманбетке берип кетип калды. Мен акчага аралашып, колумду булгагым келген жок. Ошондуктан такыр акчасына жолобой койдум. “Бишкектен акча келсе эле элге таратабыз” деп олтурган Азимбек Бекназаров менен Алманбет Шыкмаматов акча колдоруна тийгенден кийин эле дароо өзгөрүштү. “Бизди Бакиев издетип жатыптыр, кармаса эле камайт экен. Биз тоо таянып, Бишкекти көздөй качпасак болбойт” деп шашып калышты. “Алманбет сыртка чыкканда бирөө-жарым тааныбагандай кылып кийгизип койчу” деп суранды Бекназаров. “Түн жарымда силерди ким таанымак эле?” деп Алманбет Шыкмаматовго кызымдын плащын жаба коюп, жолго чыгардым. Азыр эле Ниязалиева Бишкектен алып келген бир сумка толтура акчадан Нарындын ач калып, ток калып Бакиевге каршы иштеп жүргөн карапайым элине 1 тыйын калтырбай кайра Бишкекке көтөрүп кетишти. Байкуш Ниязалиева эмнеге убара болуп, түн жамынып Бишкектен Нарынга акча алып келди эле деп кейидим. Ошентип Бишкектен Нарынга бөлүнгөн акчадан Нарындыктар 1 тыйын алган эмес, аны Бекназаров менен Шыкмаматовдон сурагыла. Ошондо жакамды бир кармандым: “Бакиев уурдап жатат, жеп жатат” дегендер бийликке келбей жатышып, бири-биринен уурдап жатышты. Кийин бийликке келишкенде уурдашкандары Бакиевден 100 эсе көп болуп кетти. Аны сөз келгенде айтайын. Азыр 2010-жылдагы Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата бул окуяны айтып жатканымдын себеби – биз Нарындыктардын “21 кыймылы” анда бир тыйын алган эмеспиз. Кана Бекназаров менен Шыкмаматов айтсын, кимге 1 тыйын берди?  Ал экөөн эл менен да, Ниязалиева менен да беттештиргенге даярмын. Муну айтканымдын дагы бир себеби – эл билсин, Атамбаев билсин, Ниязалиева билсин – ал акчаларды Бишкектен келери менен кайра Бишкекке Бекназаров менен Шыкмаматов алып кетишкен. “Качпасак Бакиев кармап, камап коёт” деген шылтоо менен. Ошол менен ал акча ың-жынсыз жоголду.  Эл билсин, ал кезде кимдер, кандай максатта элди бийликке каршы тукурганын. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары ушундай алдым-жутум экенин 7-апрелден кийинки мародерлуктар, рейдерликтер, банк талап-тоноолор көрсөттү. Биз карапайым эл ал аферисттерге элдин турмушун оңдойт, уурулукту тыят, коррупцияны жоёт, светтин баасын арзандатат деп ишенип алып, талаада калдык. Алар мунун баарын тескерисинче кылышты”, – деди Апрель баатыры  Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: