Menu

Бүгүн Белорусиядан Бишкекке 25 500 тестке жете турган реагенттер келди

Бөлүшүү:

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилиги коронавирусту аныктоо тестери үчүн реагенттерди жана реагентке кошула турган компонеттерди Минсктен Бишкекке жиберүү аракеттерин көрүп  жатат. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө карата 22 500 тестке жете турган 100 байлам (упаковка) реагенттер жана ага кошулчу компоненттер эки партия менен (10 упак.-биринчи партия, 90 упак.-экинчи партия) Бишкекке жеткирилди.

Зарылдык жаралса, дагы 50 000 тестке жете турган 200 байлам (упаковка) реагенттер жана ага кошула турган компоненттер Бишкекке жөнөтүлөт.

Учурдан пайдаланып белгилей турган жагдай, дүйнөдө тарап жаткан COVID-19 жугуштуу оорусуна байланыштуу мындай кыйын кырдаалда, анын ичинде Белорус Республикасынын өзүндө дагы бул оору күчөп турган чакта, Белорусиядан Кыргызстанга реагентердин жана ага кошулчу компоненттердин келиши, Белорус Республикасы тарабынан достук кадам катары кабыл алынат. Ошондой эле, белорус досторубуз тарабынан көрсөтүлгөн кеӊ пейилдик мамиле катары жана достук мамиледеги өлкөрлөрдүн ортосундагы жылуу мамиленин үлгүсү катары бааланат.

Белорусиядан жиберилген 25 500 тестке жете турган реагенттердин экинчи партиясы, бүгүн, 2020-жылдын 6–апрелинде  Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы аркылуу Бишкекке келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: