Menu

Казакстанда 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Бөлүшүү:

Казакстанда 6-апрелге карата коронавирус жукканы аныкталгандар 629 кишиге жетти. Алардын 120сы медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Бул жалпы бейтаптардын 19% түзөт.

Ооруга чалдыккан медиктердин 67си – коронавируска байланыштуу шек саналган же жуктурган адамдарга түздөн-түз жардам көрсөткөндөр.

Марттын аягында Казакстандын өкмөтү эпидемияга каршы иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча маяна берилерин билдирген. Ага ылайык, кооптуулук категориясына карап медицина кызматкерлерине айына 212,5 миң теңгеден 850 миң теңгеге (41-165 миң сом) чейин кошумча төлөнөт. Ал эми коронавирус жугузуп алгандарга Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунан 2 миллион теңге, коронавирустан каза болгон учурда 10 миллион теңге төлөнөрүнө убада берилген.

Жаңы вирустун саламаттык сактоо кызматкерлерине жугуп жатканына тийиштүү коргоочу кийимдердин, беткаптын тартыштыгы, тажрыйбасыздык себеп болуп жатканы айтылууда.

Расмий маалымат боюнча Кытайда коронавирус жуккан медицина кызматкерлери 3300гө жакын киши же жалпы ооругандардын 4% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: