Menu

Коронавирус: Британиянын премьер-министри реанимацияга которулду

Бөлүшүү:

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит – британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди.

– Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду – деп айтылат 6-апрелдеги билдирүүдө.

Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган эле.

Ал “зарылчылык жаралса” ордунда иштеп турууну тышкы иштер министри Доминик Раабдан өтүнгөнү да кабарланды.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри болгон.

Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жуктургандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: