Menu

Казакстанда кишилер жөлөк пул үчүн банктарга жана почталарга “чабуул” жасашууда

Бөлүшүү:

Эки жума мурун Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун айынан ишинен же бизнесинен айрылган казакстандыктарга атайын жөлөк пул төлөөгө убада берген.

Анын айтымында, социалдык жардамдын көлөмү бир минималдык айлык акыны, башкача айтканда 95 долларды түзөт.

Токаев жөлөк пул 1,5 миллион кишиге берилиши ыктымал экенин билдирген.

Бул жарыядан кийин казак бийлиги социалдык жардам алуучулардын категориясын аныктай баштады: Башында расмий түрдө иштеген жана аны далилдей ала тургандарга гана жардам бермей болушту. Андан соң талапты жумшартышты. Эми мурда мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөн жарандар үчүн да жөлөк пул алууга уруксат берилди. Бирок алар соцфондго бир жолу 5 доллар төгүп, банктан эсеп ачышы керек. Буга байланыштуу өткөн аптадан бери жардам алууну каалагандар алгач документ топтоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарына узун кезекке турушса, ушул тапта акчаны алуу үчүн банк жана почта имараттарына “чабуул” жасашууда.

Бийлик жөлөк пул алуу үчүн өтүнмөлөрдү атайын тиркеменин жардамы менен онлайн жөнөтүүнү сунуштаган. Бирок ресурс жакшы иштебей, элдин көбү банктарга барууда.

Казакстандын бир нече шаарларында социалдык жардам алуу үчүн кезекке турган кишилер карантин эрежесине ылайык аралыкты сактабай, атүгүл урушуп-талашып кетишүүдө. Алматыда болсо жаалданган кишилер “Казпочтанын” имаратына кирип барууга аракет жасашты.

Казак өкмөтүнүн божомолдору боюнча 16-марттан тартып өзгөчө абалдын жарыяланышы жана 19-марттан тартып Нур-Султан менен Алматы шаарларынын толугу менен жабылышы 500 миндей кишинин каржы абалына зыянын тийгизди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: