Menu

Екатеринбург шаарынан 17 кыргызстандык учуп келди

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан 17 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 17 адам Екатеринбургдан чартердик рейс менен учуп келишкен.

“Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына, калган 12 адам обсервацияга жаткырылды” – деп айтылат маалыматта.

“Урал авиакаттамынын” учагы Россиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбург шаарына учуп кетти.

Бул рейс менен Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов кайтып келгени белгилүү болду. Ал Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясында башынан оор жаракат алган. Ал Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, ошол жакта дарыланып жүргөн болчу.

Булак: KyrgyzToday.kg    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

14 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: