Menu

Видео – Кыргызстанда дагы 12 адамдан таажывирусу аныкталды, анын ичинде 7 дарыгер да бар, жалпы саны 228ге жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-апрель саат 09:00гө карата Кыргызстанда дагы 12 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымы боюнча, жаңы учурлардын бардыгы Ош облусунда катталган. Алардын ичинен 3сү эркек жана 9у аял.

Тилекке каршы, алардын ичинде 7 медициналык кызматкерлер: 4 дарыгер жана 3 медайым бар. Алардын бир бөлүгү Ноокат районунда жаткан обсервацияда жаткан бейтаптарды карашкан, ал эми бир бөлүгү Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасында мурда иштеген кесиптешинен жугузуп алышкан. Калган 5 адамдын ичинен бирөөсү умрадан келген, калгандары байланышта болгондор” – деп билдирди министр.

“Алардын биринде да клиникалык белгилер жок, бирок вирустун козгогучтары аныкталган. Алар буга чейин обсервацияда жаткан, учурда бардыгы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды” – деп кошумчалды министр.

Ошентип, Кыргызстан боюнча 228 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен:

– Жалал-Абад облусу – 80,

– Ош облусу – 86,

– Ош шаары – 20,

– Чүй облусу – 5,

– Баткен облусу – 4,

– Бишкек шаары – 25,

– Нарын облусу – 5,

– Ысык-Көл облусу – 3.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: