Menu

Сабиржан Абдикаримов: “Казакстанда таажывирусту жуктуруп алган жарандарыбызды өлкөгө алып келдик”

Бөлүшүү:

Казакстандагы вирусту жуктуруп алган жарандарыбыз өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“Бүгүнкү күндө Казакстандагы таажывирус илдетин жуктуруп алган төрт жараныбыздын үчөөсүн алып келип жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырдык. Ал эми Россиялык жаранды өлкөгө киргизген жокпуз. Андан тышкары алар менен байланышта болгон төрт кишини обсервацияга алып Ысык-Ата районуна жаткырдык. Ошондой эле түрк жараны менен байланышта болгон эки адамдын аты жөнү бар бирок, адресин таппай жатабыз. Бул издөө иштери боюнча атайын органдар иштеп жатышат”,- деди министр.

Булак: «KyrgyzToday»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: