Таажывирусун жуктуруп алган 10 бейтаптын акыбалдары оор. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, ооруканада жаткан 201 бейтаптын ичинен 10 бейтаптын абалы оор.
“Алар жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган жок, бирок, кычкылтек менен дем алып жатышат” – деп билдирди министр.
Кыргызстан боюнча жалпысынан 228 адамдан таажывирусу аныкталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ