Таажывируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер орточо эсеп менен 45 миң сом, медайымдар 43 миң сомго чейин айлык маяна алышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
” Учурда өлкөдө таажывирус илдетин жалпы 19 дарыгер жуктуруп алышты. Булардын клиникалык симптомдору жок. Алардын баары жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Андан тышкары өкмөттөн бөлүнгөн акчадан дарыгерлерге кошумча айлык кылып бергенбиз. Таажывирус илдетине каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер орточо эсеп менен 45 миң сом, медайымдар 43 миң сомго чейин айлык акы алышат. Дарыгерлер февраль, март айынын айлык маяналарын алышты. Ал эми кошумча айлыкты болсо эртеңден баштап төлөй баштайбыз”,- деди министр.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ