Кытай тарап менен “Эркечтам” өткөрүү пуктунун ачылыш жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкмөттө өткөн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
“Биз 10 күндөн бери Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле түштүктө Кытай коллегалары менен чек ара кызматы, губернатордун биринчи орун басары, транспорт министрлигинин өкүлү жана бажы кызматынын өкүлдөрү ” Эркечтам” өткөрүүчү пукттунун ачылышы боюнча видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Биз сунуш киргиздик. Жакынкы арада Кытайдан жооп келери күтүлүүдө”,- деди Асрандиев.
Источник: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ