Өзгөчө кырдаалды алып салуу боюнча божомолдорду айтуу эрте. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, мунун бардыгы кийинки 8 күндүн ичинде эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнө жараша болот.
“8 күндөн кийин биз сунушту республикалык штабга жөнөтөбүз, ал жерде өзгөчө кырдаалды узартуу же алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынат” – деп билдирди министр.
Билгилей кетсек, Кыргызстанда 228 адамдан таажывирусу аныкталган, алардын ичинен 19у медициналык кызматкерлер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ