Menu

“Дордой” жаңы конушунда бир нече адам гуманитардык жардамды тосуп алышкан, бирок муктаж болгон үй-бүлөлөргө жеткирген эмес

Бөлүшүү:

“Дордой жаңы” конушунда бир нече адамдар гуманитардык жардамды тосуп алып, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жеткирүүнү убадалашкан. Бирок муктаж болгондорго жеткирилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жардамга муктаж болгон кээ бир үй-бүлөлөр 2-3 жолудан жардам алышып, а кээ бир үй-бүлөлөр бир дагы жардам алган эмес. Ошондой эле, жардамга муктаж болгон тизмеде жетиштүү жашаган үй-бүлөлөр да жүрөт. Мэр ал үй-бүлөлөр тизмеден алына турганын билдирди.

“Кечээ эле “Дордой” жаңы конушунун кире беришинде бир нече адам кайрымдуулук фонддордон келген гуманитардык жардамды тосуп алышкан. Алар муктаж болгондорго таратып беребиз дешкен, бирок иш жүзүндө андай болгон эмес. Тургундар Свердлов РИИБне жана Свердлов районун администрациясына кайрылышкан, бийликтин кийлигишүүсүнөн кийин гана алар гуманитардык жардамды адилеттүү түрдө жана тизмеге ылайык бөлүштүрө башташты” – деп билдирди Азиз Суракматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: