Menu

Видео – Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров элге видеокайрылуу жасап, дүйнөдө тарап жаткан таажывирус оорусуна ишенбей турганын жарыялады

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-апрелде “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров элге видеокайрылуу жасап, дүйнөдө тарап жаткан таажывирус оорусуна ишенбей турганын жарыялады.

Анын айтымында бул ооруну дүйнөлүк саясаттын дөө-шаалары өз саясый  кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышат. Дүйнөлүк масштабдагы менчикти, байлыкты бөлуштүрүү саясаты жүрүп жатат.

Германияга бул керек, анткени таажывирусту шылтоолоп, алар Сириядан жана башка жактардын миллиондоп келе жаткан качкындарга чек арасын жаап койду. Качкындардын агымын токтотту.

Францияда бийликке каршы “сары чыптамалар” катуу чыгып жатканда таажывирусту шылтоолоп токтотуп коюшту. Коменданттык саат киргизди. Жөнөкөй учурда коменданттык саат киргизсе эл аны көтөрмөк эмес. Кандай жол менен киргизүү керек? Коркутуу жолу менен.

Италияда жыл бою тынбай өкмөт алмашылып жатты эле, эми таажывирустан улам ал да токтоду.

Украинада элдин баарын карантинге киргизип коюп, парламенти шашылыш түрдө айыл чарбасына керектүү жерлерди сатыш керек деген мыйзамды кабыл алышты.., дейт Адахан Мадумаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: