Патент менен иштеген чакан жана ири бизнес менен иштегендерге жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкмөттө өткөн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
“Өткөн жумада кыска мөөнөткө, жакынкы эки, үч айга антикризистик план бекитилген. Бул план 30 иш чараны камтыйт. Эң негизгиси азык-түлүк коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бир нече иш чаралар көргөзүлгөн. Экинчи багыт өзгөчө кырдаалга байланыштуу бир топ ишкерликтер, бизнестер ишмердүүлүгүн токтотуп турат. Ошого байланыштуу кандай жеңилдиктер көрсөтүлөөрү планга киргизилген. Биринчиден салык, социалдык төлөмдөр жагынан мамлекеттик мүлктү ижарага алган болсо үч айга чейин узартуулар киргизилген. Андан тышкары кечигүүлөр болсо эч кандай айып пул төлөшпөйт. Ошондой эле салык жагынан бериле турган отчеттордун маалыматтардын мөөнөттөрү жылдырылды. Бул бирдиктүү декларациянын мөөнөтү эмдиги жылга узартылды. Мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө мораторий дагы бир жылга узартылды. 2021-жылдын аягына чейин эч кандай мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардан текшерүүлөр болбойт”,- деди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ