Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттө өткөн брифингде борбордогу гипермаркеттерде ундун жоктугу тууралуу маалыматты четке какты.
Анын айтымында, учурда дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде ундун баалары жана запастары текшерилип жатат.
“Азырынча супер маркеттерде ундун жетишсиздиги жарала элек. Балким ал жакка унду жеткирүү кечиктирилип жаткандыр. Ал эми кампаларда текчеде сактоо үчүн жетиштүү ун бар. Ошондой эле бааларды көзөмөлгө алып жатабыз”,- деди Суракматов.
Андан тышкары мэр, доллардын куну жогорулаганына байланыштуу чет өлкөдөн импорттолгон товарлардын баасы бир аз кымбаттап жатканын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ