Menu

Алманбет Шыкмаматов, экс-юстиция министри: “2010-жылы 6-апрелде Дамира Ниязалиева Нарынга, бизге Атамбаевдин атынан 400 миң эле сом алып келип таштап кеткен”

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-апрелде Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева “революционерлер” Азимбек Бекназаров менен Алманбет Шыкмаматовго 2010-жылы 6-апрелде түндө Бишкектен КСДПнын депутаты Дамира Ниязалиева Алмаз Атамбаевдин атынан бир сумка акча алып келип таштап кеткенин, ал акчалар нарындык революционерлердин керегине иштетилбей Бекназаров менен Шыкмаматов өздөрү түн катып, Жумабаеванын кызынын плащын жамынып, алып кетишкенин, Нарын эли 1 тыйын албаганын билдирген. Ага жооп жазган Алманбет Шыкмаматов ал акча 1 сумка эмес, 400 000 сом эле болчу, таксисттерге май куйганбыз деп актаныптыр. Бирок Бактыгүл Жумабаеванын кызынын плащын кийип кеткени жана ал плащты кайтарды беле же жок беле, эч нерсе жазбаптыр:

Бактыгүл эже айттыбы, же сайт бурмалап койдубу ким билсин, бирок мынча болду, эми бул маалымат боюнча өз маалыматымды билдирип койоюн. 2010-жылы 4-апрелден 5-апрелге караган түнү мен, Бекназаров, Самсаалы Четимбаев Нарынга барып “Бириккен элдик фронттун”, мүчөлөрү менен Бактыгүл эженин үйүн штаб кылып, ошол жакта болгонбуз. Ал үчүн эжеге таазим.

6-апрелде Таласта эл менен укук коргоо органдарынын кагылышуусу башталды. Бишкекте оппозиция лидерлерин бирден камай баштады. Бизди да камайбыз деген маалымат бизге жетти. Укук коргоо органдарындагы жан тарткандар эскертүү беришти… Дамира Ниязалиева ошондо Алмазбек Атамбаевдин атынан 400 000 (төрт жүз миң сом) алып келип таштап кетти. Эже айткандай бир сумка эмес эле, жыйырма пачка 200 жүз сомдук болчу. Антени биз райондордон чогулган элди мобилизация кылып Бишкеке жүрүш жасамакпыз, жолго чыга албагандар боз үйлөрдү тигип мөөнөтсүз митинг баштамак. Эже айткандай ал акча элге таратылыш үчүн эмес, элдик митинг, жүрүштөрдөгү чыгымдарга жумшала турган каражат болчу. Атамбаев ошондо “Берилген акча аз уюштуруу иштерине жетпейт, бирок эптеп жеткиргиле”, -деп айттырып жибериптир..

Ошол кезде ахывал өтө оор эле, Садыркуловду өлтүргөндөн кийин, Эмил Каптагаевди шаардын сыртына уурдап барып чала жан кылып сабап, талаага таштап кеткенден кийин бир топ оппозициялык маанайдагы саясатчылар дайынын таптырбай качып кетишкен. Ошондо канжыгага башын байлап, өмүрүн тобокелге салган жергиликтүү активисттер жана “Бириккен элдик фронттун” мүчөөлөрү бекем турган. Эгерде ошондо элдин толкуну алсырап, эл утулганда, анда элдик толкунга катышкан активисттер, саясатчылардын баардыгы түрмөгө отурмак, же көзү тазаланмак..

Ошентип, биз түнү менен жер которуп, эртеси 7-апрелде Нарын шаарынын борбордук аянтында миңдеген адамдар чогулуп (болгон окуя абдан көп) түштөн кийин бийлик толугу менен элге өткөн. Биз Адыл Эсенбековду элдин талабы менен Нарынга губернатор шайлап жүздөн ашуун автоунаа менен элдер Бишкеке жөнөгөнбүз… “Бириккен элдик кыймылдын” борбордук штабынан келген төрт жүз миң сом короп отуруп Бишкеке аттанган автоунаалардын бензинине да жетпей калган. Акча каражаты уюштуруу иштериндеги чыгымдарды жаба албай калган. Ошондо Нырын шаарындагы заправкада баарына бензин куюуга акча жетпей калып, заправка ээси жетпегендерге бекер куюп берген. Ага жүздөгөн адамдар күбөө.

Ошентип Нырында элдик бийлик орногон, миңдеген адамдар Бишкеке кечинде келгенбиз. Бишкеке келип, түз эле ГСНге келип саясий туткун Исмаил Исаковду, Эркин Бөлөкбаевди түрмөдөн чыгырганбыз. Бактыгүл эженин жалган айткандары жана аны себептери мага түшүнүксүз, жарыктык киши кимдин заказын аткарып жатканы дагы табышмак…

Ошондой маалда Шыкмаматов менен Бекназаров акчаны бөлүп алды дегендик, акылга сыйбайт.

Алманбет Шыкмаматов, экс-юстиция министри

Алманбет Шыкмаматовдун “революционер” кези, 2009-жыл.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: