Бишкек шаарында жасалма уруксат кагаздарын колдонуу боюнча 30 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрель күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.
“Уруксат кагазында унаанын номери жана айдоочунун аты-жөнү жазылышы керек. Уруксат кагазынын үчъстүнө кагаз чаптап, башка унааларга жасап алышкан ыактылар катталып жатат” – деп билдирди комендант.
Ал ошондой, уруксат кагазын сатуу фактысы боюнча Октябрь РИИБнин кызматкери кармалганын,УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин айтты.
“Ал уруксат кагазын 14 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган” – деп кошумчалады комендант.
Белгилей кетсек, 1-апрель күнү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери уруксат кагазын сатып жаткан жеринен кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ