9-апрелден тарта Кыргызстандын жарандары бардык социалдык төлөмдөр төлөнө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Анын айтымы боюнча, социалдык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөө боюнча чечим кабыл алынган.
“Андыктан, урматтуу сациалдык жөлөкпул алуучу жарандар, справкаңыздардын мөөнөтү бүтүп калган болсо, же социалдык жөлөкпулдардын чегерилген мөөнөтү бүтүп калган болсо, кыжаалат болбой, үйдө отурууңуздарды суранам. Өзгөчө абал тартиби бүтмөйүнчө, биз бардык жөлөкпулдарды төлөп беребиз” – деп билдирди министр.
Анын айтымы боюнча, Финансы министрлиги жөлөкпулдарды төлөө үчүн зарыл болгон 800 миллион сом маселенсин чечти.
“Бүгүнкү күндө жергиликтүү башкармалыктарга акчаларды которуп бердик. 7-8-апрель күндөрү жергиликтүү башкармалыктар банктардагы эсептерге жана почта бөлүмдөрүнө акчаны которушат. Кудай буйруса, 9-апрелден баштап бардык социалдык төлөмдөрдү ала аласыздар деп ишендирип кетебиз” – деп билдирди Улукбек Кочкоров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ