Menu

Пенсионерлер 10-апрелден баштап пенсияларын алышат

Бөлүшүү:

10-апрелден баштап пенсионерлер пенсияларын ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкмөттүк брифингде Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

Пенсиясын картадан алган адамдар дагы деле ошол боюнча ала алышат, ал эми почтадан алган адамдарга апрелде пенсиясын почточулар алып келип беришет.

Кошумчалай кетчү жагдай өзгөчө абал киргизилген үч райондо 60 миңден ашык пенсиянерлер банк аркылуу алышчу. Бүгүнкү күндө ушул үч райондукун биз почта кызматына өткөрүп жатабыз.

Эгер кандайдыр бир себептерден улам пенсионер башка жерде болуп калса, бул боюнча Ирсалиев эки нерсени баса белгиледи:

Эгерде пенсионер пенсиясын картадан алса, анда суроолор жок. Ал пенсияны банктан же банкоматтан ала алат.

Ал эми почтадан ала турган болсо, анда 1202 call-борборуна кайрылышы керек. Ар бир кайрылган пенсионердин суроолору өзүнчө чечилет.

Бул суроолор апрель айына гана байланыштуу.

“Пенсиянерлер бул кырдаалды туура түшүнөт деп ишенем”,- деди Ирсалиев.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: