Menu

Ыкчам штаб: Республикада вируска каршы дары-дармектин жана тест системанын саны жетиштүү

Бөлүшүү:

Республикада вируска каршы дары-дармектин   жана тест системанын саны жетиштүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Республика боюнча 9 лаборатория иштеп жатат. Зарыл болгон бардык тест системалардын болушу лабораториялардын толук кубаттуулукта иштөөсүн жана бардык тоңдурулган биоматериалдар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймактарын тест системалар, дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча туруктуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Республиканы зарыл болгон дары-дармектер, тест системалар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүшү шарт.  Биз убакытты тесттерди күтүү менен кетирбешибиз керек. Бул иштер туруктуу жүргүзүлүп, өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алуу боюнча иштерди тездетүүсү керек.

Тармактык кызматтар тоңдурулган биоматериалдар боюнча иштерди аяктап, байланышта болгондордун баарын тестирлөөдөн өткөрүп, үй карантинин сактоо боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл. Бардык процедураларды сапаттуу жана максималдуу натыйжалуу аткаруу маанилүү», – деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынында ыкчам бригадалардын иши үчүн жакшы шарттарды түзүү, анын ичинде унаа жана ысык тамак менен камсыз кылуу зарылдыгына, мүмкүн болгон шартта мындай бригадалардын санын көбөйтүүгө зор көңүл бурулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация үчүн жаңы жайларды даярдоо боюнча иштерди тездетүү милдеттендирилди. Тармактык органдарга коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык тейлөө кызматкерлерине кошумча өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө берүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Финансы министрилигине Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тийиштүү иштерин каржылоону өз убагында камсыздоо тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: