Menu

Ысык-Көл милициясы тарабынан карантиндик жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Карантиндик жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлердин күч жана каражаттарынын дислокациясы түзүлүп, ӨКМ, медицина, шаар райондук мамлекеттик администрациалардын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундардан турган облус боюнча баардыгы 19 даана күнү-түнү менен иштеген карантиндик санитардык посттор уюштурулуп, ЖККК бөлүмүнөн кызматкери, күнү- түнү менен посттордо кызмат өтөөдө. Мындан сырткары шаар райондордогу эл көп чогулган аймактарда атайын фильтрациондук жана жылып жүрүүчү посттор уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга жугуштуу оорулардын алдын алуу багытындагы тишелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Карантиндик жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, облустун аймагында коомдук саясий абалга жана ыкчам кырдаалга байкоо жүргүзүлүп үзгүлтүксүз кызмат өтөөдө.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймагына “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилгендигине байланыштуу жарандардын күнүмдүк керектөөсүн, өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында облустун аймагында коюлган посттордо азык-түлүк, курулуш материалдарды жана башка калктын муктаждыгын жараткан негизги товарларды камсыз кылган оор жүктүү автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүү иштери колго алынган.
Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнүн карантиндик посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерелерге атайын жугуштуу ооруларга каршы кийимдер камсыздалып, кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, кырдаалга байланыштуу жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды убагында так аткаруу жана башка ушул сыяктуу нускамалар өткөрүлүп, аткарылыштары жетекчилик курам тарабынан үзгүлтүксүз текшерилүүдө.
Жогоруда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде, тагыраагы 2020-жылдын 22-мартынан 6-апрелге чейинки аралыкта облустун аймагында баардыгы 3 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган, ал эми жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары катталган жок. Мындан улам, жол кыймылынын катышуучулары тарабынан жол эрежелери так сакталып жаткандыгы, облус аймагында жол кырсыктарынын саны кескин төмөндөөсүнөн улам байкалууда.
Урматуу жол кыймылынын катышуучулары, кырдаалга байланыштуу себеби жок сапарга чыкпагыла, унааларыңыздырдын техникалык жагдайына көңүл бөлгүлө, жол эрежесин так сактагыла. Кырдаалды жеңүүдө сиз үйдөн чыкпай коомго өз салымыңызды кошуңуз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: