Menu

Видео – Асейин Саралаев: “7-апрель бийликке жете албай жүргөн бир ууч топтун карапайым элдин башын айлантып, кандуу төңкөрүш жасаган күнү”

Бөлүшүү:

10 жыл өттү… Биз айтпасак деле эл кимдин-ким экенин, бүгүнкү күнү болуп өткөн каргашага, төңкөрүшкө кимдер күнөөлүү экенин билип деле калышты…

“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы лакап бар. Бул тасмадагы ачуу чындыкты көрүп коюңуздар… Курманбек Бакиевдин дагы, Жаныш Бакиевдин дагы, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн дагы эч кандай күнөөсү жок…

7-апрель бийликке жете албай жүргөн бир ууч топтун карапайым элдин башын айлантып 4-5 жыл тымызын даярдап келген кандуу төңкөрүшү экенин сокур киши деле сезип калгандай…

Ким чыныгы канкор экенин да көрдүк? Ким керт башынын кызыкчылыгы үчүн курал кармап адам өмүрүн алганга даяр экенин да көрдүк?

Ким өнүгүп келе жаткан өлкөбүздү жарга такап, аёосуз карызга батырып шоопур, жансакчылардын деңгээлине түшүргөнүн да көрдүк… Кимдер Бакиевдин доорунда эки фронтко активдүү иштеп келемиш сындуу элдин канын соруп жүргөнүн, тилекке каршы алар бүгүнкү күндө да май-талканда отурушканын көрдүк…

Эгерде чын эле БАКИЕВДИН башкаруусу жаман болгон болсо, анда алардан кийинки 10 жылда бери чакан өлкөбүз Борбордук Азиядагы керемет өнүккөн мамлекетке айланат болчу…
2010-жылы элдин кызыкчылыгы эмес бир ууч топтун бийлик кумары үчүн төңкөрүш болгон экен… АЛДАНГАН күнүбүз кут болсун!!!

Асейин Саралаев, Кочкордун тургуну

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: