Menu

Жеңиш Жоробеков: Өзгөчө абал киргизилгенден бери Жалал-Абад шаары менен Сузакта 75 кылмыш катталды

Бөлүшүү:

6-апрелден 7-апрелге караган бир күн ичинде Жалал-Абад областынын аймагында жалпысынан – 25 кылмыштар катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.
Коменданттык саат башталган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта – 229 кылмыштар катталган болсо, өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагынан – 75 ар кандай кылмыш окуялар катталган. Бул тууралу бүгүн, 7-апрелде аталган аймактын коменданты Жеңиш Жоробеков атайын брифингде билдирди.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, Сузак районунун аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ар бирине айып салынды.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 100 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган аймактардан – 90 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: