Menu

COVID -19: Түркмөнабадда 15 киши карантинден качып кетти

Бөлүшүү:

Түркия, Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келип, Түркмөнабад шаарынын карантин жайында жаткан 15 киши качып кетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнабад жана Ашхабаддагы эки дарыгерге таянуу менен билдирди.

Качып кеткен кишилер карантинди бузууга жана дарыгерлерге пара берүүгө айыпталууда.

Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аларды кармап, кайрадан карантинге жөнөттү. Алар бул жоруктары үчүн ири айып пулга жыгылып, же бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жайыла баштагандан кийин Түркмөнабадда карантин зонасы уюштурулган. Түркмөнстанда расмий түрдө вирус жугузган учур каттала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: