Menu

Өзбекстан чет өлкөлөрдөгү жарандарын алып келүүнү убактылуу токтотту

Бөлүшүү:

Өзбекстандын бийлиги чет өлкөлөрдө калган жарандарын алып келүү үчүн уюштурулган бардык чартердик каттамдарды 20-апрелге чейин токтотту. Тиешелүү чечимди COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Штабдын билдирүүсүндө 30-марттан 20-апрелге чейин Өзбекстандагы бардык аэропорттор жабылып, аба байланышы токтой тургандыгы жазылган.

Өзбек өкмөтүндөгү өз булак чартердик каттамдардын токтотулушун төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Чет өлкөлөрдө калган өзбекстандыктардын саны миңдеп саналат. Азыр кеп аларды алып келүүдө гана эмес. Бул жерге келгенден кийин алар эки жумалык карантинге алынышы керек. Бул үчүн карантиндик жайлар жана каражат керек. Ансыз деле өкмөт чет өлкөлөрдөн келген башка жарандарды багып жатат. Мамлекет алардын ар бирине акчаны кайдан табат? Ошондуктан азырынча тыныгуу жарыяланды».

Ушу тапта Орусиядан, Түркиядан, Улуу Британиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Беларустан келе албай жаткан миңдеген өзбекстандыктар интернет аркылуу өзбек бийлигине кайрылып, алып кетүүнү өтүнүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: