Бүгүн, 7-апрелде Керимкулов Чынгыз Кенжебекович Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу күч структураларындагы булактар кабарлашты.
Буга чейин бул кызматты Мадияр Кулуев жетектеп келген. Ал бүгүн, 7-апрелде кызматынан бошотулган.
Чынгыз Керимкулов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ