Menu

Мадияр Кулуев: “Комендант өзү иштей албай, мени кызматтан мыйзамсыз алды. Мен сотко жана президентке кайрылам”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мадияр Кулуев бүгүн, 6-апрелде кызматынан алынды. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн эртең менен борбор калаанын коменданты кабыл алган. Кулуев өзүнүн кызматтан четтетилишинин себептери жөнүндө ага маалымат берилбегенине нааразы.

“Мен эмне үчүн мени кызматтан четтеткенин түшүнгөн жокмун, себебин дагы айтышкан жок.  Балким, өкмөт иш тажрыйбасы бар лидерлерден арылууда. Бул коменданттын мыйзамсыз чечими. Мен 1986-жылдан бери милицияда иштеп келатам. Бул убакыт аралыгында мен эч качан ката кетирген эмесмин. Алар мени милдетин аткара алган жок деп айтышты. Бул башаламандык”, – деди Кулуев.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн экс-башчысы сотко жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрыла турганын кошумчалады.

“Мен сот органдарына жана президентке кайрылам. Кызматтан четтетилгенимдин себебин түшүндүрбөгөндөрүнө таң калам. Мен ордум үчүн эмес, башаламандык үчүн тынчсызданып турам. Алар өздөрү эмне кылып жаткандарын билишкен жок, өздөрү иштей албай, бирок менден арылууну чечишти”, – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: