Menu

Видео – “Мен таажывирус менен ооруган жокмун” деген Аксылык Гүлзада Сатылганова мурунку айткандарын жокко чыгарып, эми башкача түшүндүрүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Аксылык келин Гүлзада Сатылганова кайрадан видеобилдирүү таратып, мурунку айткандарын жокко чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-апрелде КР Өкмөтүндөгү онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы таажывирустун жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов “Бүгүн Бишкектен жана Аксыдан болуп 3 киши таажывирустан сакайып, ооруканадан чыкты” деп расмий билдирген.

Андан кийин Аксы райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн Сатылганова Гүлзада деген бейтаптын таажывирустан сакайып, врачтар менен коштошуп, ооруканадан чыгып бараткан учурун чагылдырган видеотасма да таратышкан.

Бирок кечинде ал сакайып чыкты делген Гүлзада Сатылганова кыргызстандыктарга видеокайрылуу жасап: “Мен Кербен шаарынын ооруканасынан таажывирустан сакайып чыкты деген Сатылганова Гүлзада Набиевна болом, 17-мартта сырттан учуп келгем, 23-мартта мени ооруканага карантинге жаткырышты, 14 күн обсервацияда болдум, анализдеримен эч кандай таажывирус табышкан жок, эч кандай дары берип, дарылашкан жок, анан таза экенсин деп ооруканадан чыгарышты. Үйгө келип телевизордон карасам “Аксыдан 3 киши таажывирустан сакайып чыкты” деп айтып жатышат. Мунун баары калп. Аксыда мен жалгыз эле болдум. Мен таажывирус менен ооруганым жок. Мени эч ким дарылаган жок”, деп билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: