Menu

Азимбек Бекназаров: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз кыргыз башы болуп тарыхта каласыз, күзүндөгү шайлоого жаңы партия менен барыңыз, эл 80-90% добушун берет”

Бөлүшүү:

Окулбай калган доклад… Кутмандуу кыргыз калкым!
Урматтуу президент!
Туптуура 10 жыл мурда, так ушул 7-апрель күнү бүткүл дүйнө эли: «бали кыргыз» «жаша кыргыз» – деп кыргызга суктанган, тамшанган күн болгон.
Ошол ары сыймыктанчу, ары кайгылуу тарыхый күндүн бир гана ээси – өзүңсүң кутмандуу кыргыз элим. Сиздерди ушул бүгүнкү тарыхый күнүбүз менен, ошондо араңарда жүргөн бириңер катары чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон күрөштө, шейит болгондордун жакындарына орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, быйылкы 7-апрель, мурдагы жылдардагыдан башкача, өзгөчө белгилениши керек. Анткени ошол ары кайгылуу, ары тарыхый күнгө бүгүн 10 жыл толуп олтурат. Убактылуу Өкмөт тарабынан белгиленген 10 жылдык өткөөл мезгил да аяктоодо.
Бүгүн биз, мурдагыдай 7-апрель элдик ынкылабдын келип чыгышынын анын себептерин, баатырларын, күнөөлүүлөрүн кайталап айтуунун кереги жок деп эсептейм. Баары такталган, айтылган, жазылган калганы тарыхчылардын иши.
Биз бүгүн ээлеген кызмат ордубузга, социалдык абалыбызга карабай, айрыкча урматтуу Президент – сиз, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар, журналистер, апрель баатырлары, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү – баарыбыз бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карап, ачуу чындыктан тайбай, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуп, 10 жылдык өткөөл мезгилде, элдик ынкылаб өз максатына жеттиби? Негизги талаптар ишке аштыбы? – деген суроолорго ачык жооп беришибиз керек! ЭЛГЕ ОТЧЕТ берчү күн келди!
Элибизге миң мертебе таазим, алар ушул суроолорго жоопту 10 жылдан бери күтүп, 10 жыл бийликке толук мүмкүнчүлүк берди. Чыдады. Дагы деле үмүтү үзүлө элек…
1.Менин жеке пикиримде элдик ынкылаб өз максатына толук жете элек. Муну мен 10 жыл бою айтып келдим. Бирок 10 жылдык өткөөл мезгилде эң башкысы:
-Элдин жеңиши, өлкө ичинде эле эмес, эл аралык денгээлде да саясый жана укуктук жактан де-юре, де-факто биротоло таанылды, бекиди;
-Бүгүн кыргыз эли, Борбордук Азияда эле эмес, бүтүндөй постсоветтик аймактагы саясый жактан эн эркин элдин бирине айланды;
-Кыргызстанды монархиялык республикага айлантуу үчүн, үй-бүлөлүк «Ак-жол» парламентинин конституциялык реформасы, президенттик кенешмеси, Максим Бакиеви менен тарых таштандысына ыргытылды;
-Мамлекеттик бийликти башкарышкан Президент менен Жогорку Кенеш өткөөл мезгил ичинде, Конституция менен мыйзамдарда бекитилген тартипте, мөөнөттөрдө эки жолудан алмашылды. Бийликтин тынчтык жолу менен, мезгил-мезгили менен алмашып, жаңыланып туруусу айнылгыс жолго түштү…
Жана башка бийликтин милдетине кирген күнүмдүк, утурумдук иштер аткарылууда.
2.Ошону менен бирге 10 жылдык өткөөл мезгилде 7-апрель элдик ынкылабынын төмөнкү негизги максат, талаптары ишке ашкан жок;
-Президенттик мыйзамсыз жеке башкаруу жоюлбады. Болгону, таза үй-бүлөлүк түрүнөн – үй-бүлөлүк Парламент, үй-бүлөлүк партия,  депутат, үй-бүлөлүк Өкмөт түрүнө алмашылды;
-Үй-бүлөлүк башкаруунун, бийликтин системасындагы коррупциянын булагы болгон, үй-бүлөлүк депутаттарды аныктоо, партияны түзүү, аны менен үй-бүлөлүк Парламентти, Өкмөттү, башка бийлик органдарын жаратуу, шайлоолордо өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуу жоюлган жок, кайра өнүктүрүлүп, бекем корголууда;
-Эки элдик ынкылабдын башкы талабы болгон, эгемендүүлүк доорундагы бардык Парламенттердин (азыркыны кошпогондо) атайын комиссия – комитеттери, нечендеген саясый-коомдук уюмдар, элдик курултайлар, конференциялар, жеке инсандар тарабынан нечен ирет көтөрүлгөн, айтылган 1-президент тарабынан чет элдиктерге мыйзамсыз сатылып, кийинкилери аны бекемдеп, улантып жүрүшкөн «Кумтөр» «Жер-үй» ж.б. кен-байлыктарыбызды мамлекетке кайтаруу, бекем мамлекеттик көзөмөлгө алуу, элдин кызыкчылыгында иштетүү болгон жок. Кен-байлыктарыбыз толугу менен 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда калып, колдон-колго сатылып жүрөт. Эдин (мамлекеттин ) үлүшү же акциясы жок;
3.Өткөөл мезгилде:
-Кыргыз улутун заманбап кайра жаратуучу, жаңылоочу улуттук идеологоия, алга өнүгүүнүн улуттук жолу аныкталбады. Тескерисинче, нечендеген кылымдар бою улуттун конституциясы катары калыптанган, кыргызды бир бүтүн улут катары бириктирип, сактап келген, анын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин, динин (салттуу мусулманчылык) жок кылуу, кыргыздын өзүн бөлүп жаруучу, басмырлап-кемсинтүүчү, шылдыңдоочу жосун-жоруктар, аракеттер, эн жогорку денгээлдеги кызмат адамдары, айрым «киргиз» батышчылар, ашкере исламчылар, секталар, алардын ММКлары, интернет-сайттары аркылуу ачыктан-ачык чыгуу көбөйдү;
-Кыргызды, арабдаштыруу, либералдаштыруу же улут катары жок кылуу максатында, сырт жактан атайын долбоор түрүндө келген акчаларга, иш-чараларды өткөрүү, укуктук реформа жүргүзүү көбөйдү;
-Саясат менен бизнес аралашып, мамлекеттик бийликти комерсант саясатчылардын колуна биротоло өткөрүү;
-Өзүңдүн кыргыз экениңди ачык көрсөтүүнү өз паспортуңдан өчүрүү;
-Сатыла элек стратегиялык обьектилерди чет элдиктерге ит бекер сатуу;
-Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы – ж.б.у.с. улуттун намысын кетирген жоруктар так ушул өткөөл мезгилде болуп, ага эң жогорку мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бирдиктүү аракеттенишкени тынчсыздандырбай койбойт;
4.ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?!
1/.Мага окшоп өз оюн ачык айтып, сунуш бергендерди үйрөнгөн адатыбызча «эл душманы» катары эсептебей, ачык айтылган сын-пикирлерди топтоп, терен анализдеп, 10 жыл ичинде аткарылбаган маселерди (чынында булар 30 жылдык маселелер) аткарууну же аткарбоону бугун биз так ушул 7-апрель күнү элге ачык айтышыбыз керек! Айрыкча үй-булөлүк башкаруу, шайлоо системасы, кен-байлыктарды кайтаруу, башкаруунун түрү, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу боюнча ж.б.
2 /.Ал үчүн бүгүн же тез арада башында урматтуу президентибиз турган атайын комиссия түзүүнү бүгүнкү жыйынга жана кыргыз элине сунуш кылам;
3 /.Ал комиссия тез аранын ичинде, бүгүн айтылган, мурда айтылып келген бардык ой-пикирлерди, сунуштарды топтоп, анализдеп, элдик ынкылабдын кайсы талабы качан аткарылат? Кайсы талаптары, эмне себептен аткарылбайт, элге ачык жарыялашы керек. Элдин чыдамынын пайдаланып упчу эмизгенди, шылтоо таап актанууну токтотуп активдүү иш чарага өтүү зарыл!
4. 7-АПРЕЛЬ ЭЛДИК ЫНКЫЛАБДЫН НЕГИЗГИ ТАЛАПТАРЫН АТКАРУУ БОЮНЧА СУНУШТАРЫМ;
1 /.Үй-бүлөлүк башкарууну сындырып, укуктук башкарууга отүү жолу катары;
-Башкаруунун түрүн эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгон элдин өзүнө референдумга чыгарып тандатуу;
-Эл тандаган бийликке ылайыкталган жаны Конституцияны иштеп чыгуу, мамлекеттик бийликтин санын, анын ичинде депутаттардын да санын кескин азайтуу;

-27 жыл ичинде элибиз өз бийлигин бир да жолу тандаган жок. Ошол эле учурда элдин укуктук жактан сабатсыз экенинен пайдаланып мурдагы бардык президенттер, Убактылуу Өкмөт 1993-жылкы Конституцияны өздөрү каалагандай 10 жолу референдум аркылуу оңдоп келишти. Референдум аркылуу бийликте турган президенттерге, Жогорку Кенешке Конституцияны же кайсы бир мыйзамды толугу менен элге чыгарып узурпациялоону токтотуу учурдун талабы. Бул 1994-жылдан бери Акаевдик лжереформаторлор киргизип кеткен мыйзамсыз жол!
2/.Жогорку Кенештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууну жоюу боюнча;
-Бул бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселе. Азыркы шайлоо системасы, мамлекеттин саясый системасындагы коррупциянын, үй-бүлөлүк башкаруунун түздөн-түз булагы, саясый коррупциянын «короновирусу» десек да туура болот. Бул шайлоо системасы 2007-ж.күзүндө, ошондогу парламентти таркатуу, анын ордуна үй-бүлөлүк Ак-жол парламентин түзүү максатында, бакиевдер тарабынан
Референдум аркылуу киргизилген. Убактылуу Окмоттун куноосу менен жоюлбай, ушул кунго чейин иштеп жатат. Муну жоюу учун референдумга чыгарса да болот, чыгарбай эле азыркы Конституциянын 2-б.4-п. каршы ченем катары Шайлоо Кодексин ондоп койсо да болот. Конституцияда «…Жогорку Кенештин депутаттарын… шайлоо жалпы, тен, жана туз шайлоо укугунун негизинде, жашыруун добуш беруу менен откорулот»-деп бекитилген.(2-б.4-п.). Бул жалпы таанылган эл аралык стандарттагы ченем. «партиялык тизмени же партиялык тизмедеги гана адамды» шайлоо деген жок.
3/.1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда журуп колдон-колго сатылып жургон кен-байлыктарды кайтаруу боюнча:
-Азыркы кучундо турган баш мыйзамыбыздын 12-беренесинин 5-пунктунда минтип жазылган: «Жер анын кен-байлыктары… Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктуу экологиялык системаны сактоо максатында, Кыргызстандын элинин жашоосу менен иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин озгочо коргоосунда турат»-деп. Ушул ченемге ылайык кен-байлыктарды кайра кайтарып алуу же жаны келишим тузуу, элдин улушун аныктоо менен чет элдик инвесторлорго беруу озубуздун эгемендуу укук жана милдет. Бул укугубузду эч ким эл аралык сот да чектей албайт. Акаев тарабынан кен-байлыктарыбызды чет элдиктерге ээ кылдырганы, эгемендуулук бузулуп чыккынчылык катары бааланып, 1992-жылдан бери Парламентик, мамлекеттик, саясый-коомдук денгеелдерде нечен жолу айтылды. Откоол мезгилдеги эки президент:-А.Атамбаев; «…коррупциялык келишимдер менен иштеп жаткан кен-байлыктарды улутташтыруу керек»-десе, С.Жээнбеков; «…кен-байлыктар мамлекеттин козомолунон таптакыр чыгып кетиптир»- деп бул ачуу чындыкты моюнга алышты. Анда: Эмне учун кен-байлыктарыбызды озубуз козомолго алып элибиздин кызыкчылыгы учун иштетпейбиз? Ким аларды мамлекетке кайтаруу керек?- деген суроолор жаралат. Туйундун жандырмагы ушул суроолордун жообунда жатат. «Эл аралык соттон утулабыз», «миллиондогон айып тартабыз»., «озубуз иштете албайбыз»., «мурдагы бийлик биротоло берип салыптыр» ж.б.у.с., актануу суу кечпеген шылтоолор. Кен-байлыктарыбызды мамлекеттин козомолуно бекем алып, элдин улушун жок дегенде ондурулгон товардын же кендин аныкталган корунан 51 пайыздан кем эмес кылып мыйзам турундо аныктап, мамлекеттин колунда кармаганда, бугункудой оор кундордо элибиз да, мамлекетибиз да мынчалык финансылык кыйынчылыкка дуушар болмок эмес. Ушундан бийлик тыянак чыгарып, Жогорку Кенеш менен Окмот конституциялык ыйгарым укугун аткарып кен-байлыктарды кайтарууну тезинен чечет ко деп ойлойм. Болбосо мындай ЖК менен Окмотту кузундогу шайлоого бирин да киргизбоону сунуштайм
4/.Бийликтин эл алдындагы отчеттулугу боюнча:
-КР нын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктунда : «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КР дагы мамлекеттик бийликтин бирден- бир булагы»- деп жазылганы менен 10 жылдык откоол мезгилде эч бир бийлик эл алдында отчет берген жок жана эч кандай жоопкерчиликсиз иштеди. Кесепетинде карапайым эл жабыр тартууда.
Биз улутчул-мекенчил кучтор 2016-жылдан бери : «Президенттен тартып, айыл Окмот башчысына чейин ар жылдык аткарган иши боюнча озун шайлаган элге элдик курултайларда отчет берип, элдик баа алып туруусун сунуштап журобуз. Бул болгону толук демократия. Эгерде «элдик курултай» деген соз жакпаса «элдик форум» дегиле эй киргиздер! Бирок элдик курултайда ар жыл сайын элге отчет берип калат экенбиз деп, конституцияда каралган мыйзамды 10 жыл кабыл албай коюу да кылмыш урматтуу депутаттар. Бул маселени ошол каралбай жургон «Элдик Курултайлар жонундогу» мыйзам менен чечсе болот;
5/.Кыргыз Республикасын улуттук нуктагы демократиялык, укуктук мамлекет катары туптоо боюнча;
-Кыргыз улутунун тарыхына, маданиятына, каада-салтына, тилине, динине каршыларга, кыргызды кандай турдо болбосун шылдындап, кемсинтип суйлогондорду, болуп жаргандарды озгочо ири олчомдо айып салуу менен Кыргызстандын жарандыгынан чыгарып, сыртка чыгарып жиберууго чейин жазалоону сунуштайм;
-Сырттан келген акчаларга саясый-экономикалык, укуктук реформаларды, маданий ишчараларды откоруп журуп ит аягыбызды таппай калдык. Муну токтотуу бышып жетилди деп ойлойм;
-Эгемендуулук доорундагы мурдагы бардык президенттер, алардын Окмот башчылары, бизнес менен саясатты аралаштырганы учун азыр бардыгы сыртта качып журушот же турмолордо олтурушат. Оздору эле эмес, уй-булоосун, жакындарын, элди, мамлекетти, келечекти тунгуюкка, азапка, кункорлукка салып кетишти. Мындан сабак алып тыянак чыгарууну сунуштайм.
БУЛ МАСЕЛЕЛЕРДИ КАНТИП ЧЕЧЕБИЗ ЖЕ ДАГЫ ОТКООЛ МЕЗГИЛ КЕРЕКПИ?
Урматтуу мекендештер, Урматтуу Президент!
Мен эки жолду карап көрүүнү сунуштайм:
БИРИНЧИ ЖОЛ:
Бул мыйзамдуу, туура, тез, тынчтык менен ишке ашчу кыска жол.
Урматтуу Соооронбай Шарипович, – бул жол сиздин жеке колунуздагы жол. Сиздин саясый эркинизге, аракетинизге жараша ишке ашырылат.
Биздикиндей, де-факто жеке башкаруусу бар олколордо ар кандай реформалар «улуу урматтуунун» буйругу менен, анын жетекчилигинде ишке ашырылат. Азыркы Парламент иштоо стили боюнча
Бакиевдик «Ак-Жол» парламентинен, Окмотубуз болсо мурдагы бардык президенттердин уй-булоолук Окмотунон эч айрымасы жок. Бир жагынан мындай Парламент, Окмот менен элдин кызыкчылыгындагы маселелерди да чечуу Президенттер учун женил болот. Эгерде сиз жогорудагы элдик ынкылабдын чечилбей жургон талаптарын ЖК менен Окмотко, бугун, ушул тарыхый кундо ачык турдо: «Жайкы каникулга чейин чечкиле» – десениз алар аны азыркы карантин буткучо чечип салышы мумкун. Анткени бардык маселелер, башкаруунун турунон башкасы, азыркы Конституцияга ылайык алар чече турган эле маселелер. Эгерде алар сиздин отунучту аткарбаса, тушунуктуу болот, чындыгында алар кимдин Парламенти жана Окмоту экени.
Ал эми сизде болсо мамлекет башчысы катары ЭКИНЧИ ЖОЛ ачылат.

Бул да мыйзамдуу, бирок узак жол. Азыркы Парламент менен Окмот мамлекет башчынын отунучун аткарбаса, анда алардын бирине да «президенттин партиясы» деген статус бербей, кузундогу ЖКга боло турган шайлоого жогорку ынкылабдын максат талаптарын туу туткан жаны партия менен элге баруу керек.
Жогорудагы элдин талабы менен шайлоого барган партия эгерде президенттин козу туз болсо, шайлоодо акчасыз эле шайлоочулардын 80-90 пайыз добушун алат.

Урматтуу президент, шайлоодо сиз менен жогорку идеаларды маселелерди ишке ашырууга даяр, сиз менен уй-булоолук башкарууга каршы курошто узонгулош журушкон чыныгы революционерлер, активистер эн башкысы, оз депутатын туз, тике шайлай албай калган, оз кен-байлыктарыбызга озубуз ээ болбой ишсиз журушкон, эки элдик ынкылабдын чыныгы ээси, – кыргыз эли сизди колдоп чыгат.
Мына ошол 30 жылдан бери топтолгон проблемаларды чечууну чындап туу тутунган жаны партия, Парламент менен жаны Кыргызстанды куруп сиз мурдагы президенттердин катачылыгын кайталабай, алардан башкача тарыхта каласыз!
Эгерде бүгүн биз, азыркы шартка байланыштуу, элге конкреттүү эч нерсе айтпай, тар чойродо, кыска моонотто эскерууну белгилеп, музейди ачып, ошол бойдон тарап кетип, азыркы шайлоо системасы менен, азыркы эле айлананызда жургондор менен кузундогу шайлоого кетсек, анда азырынча эч ким каалабаган ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ озунон-озу жараларын ЭСКЕРТЕМ. Бул менин БИРИНЧИ ЭСКЕРТУУМ болсун.Ооба кузундогу шайлоодо, 2015-жылкы шайлоодо, Атамбаев шопурлары менен тандаган адамдар депутат болуп, алар тандаган партиялар менен Жогорку Кенешти тузгондой эле, бу сапар сиз жана сиздин жакындарыныз тандаган адамдар депутат болуп келет. Талаш жок! Андай болсо сизге ЭКИНЧИ ЭСКЕРТУУМ:
2010-жылы апрель революциясынан кийин бакиевдик партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын бузбай, «Ак-Жол» партиясынын ордунан оз партияларын корушкон айрым Убактылуу Окмоттун мучолору, ошондо чон саясый катачылык кетиришкенин азыр сезишти го деп. Азыр алардын партиялары ошондогу «Ак-Жолдун»кейпинде болсо, оздорунун абалы деле Бакиевдердикинен ото жакшы эмес. Атамбаевдин кетирген эн чон саясый катасы, кемчилигин бетке айткан революциялык узонгулошторун душман коруп, айланасына апрель революциясынан кийин элден коркуп, кокту колотто, кой толоолорго чейин бекинип жашап калган мурдагы президенттердин «арзыматтарын» шайлоодо берем деген убада акчаларына карап, аларды кайра ЖКнын спикери, депутаты, Окмот башчы, министр, губернатор, прокурор, сот кылганында болду. Алар да Атамбаевден амал кеткиче, анын шопур, катчыларына чейин сыйынып журушту. Соксо да, шылдындаса да: «Сиздин сокконунуз бизге дары» дегендери да болду. Атамбаевден амал кетери менен, аны оптом сатышты, азыр сиздин колтугунузга киришти.
Алар бир ок менен уч коен атышты: БИРИНЧИСИ:Атамбаевдин тилин таап кой толоо, кокту колоттон чыгып, кайра элге аралашты, чон-чон кызматтарды ээлешти; ЭКИНЧИСИ:Азыр мурда сатып кеткен кожоюндарына, Москвага, Минскиге ат тезегин кургатпай ачык каттап: «Мына Атамбаевден очунузду алып бердик»-дешип, актанып журушот.. УЧУНЧУСУ: «Сиздин тапшырманызды аткардык, Атамбаевдин кол тийбестигин алдык, айыпты олчойтуп илдик»- дешип сиздин ишеничинизге да киришти. Ушундан улам сизге УЧУНЧУ ЭСКЕРТУУМ: Дагы 2-3 жылдан кийин алар: «…Биз Кумторду, Жер-уйду ж.б. Кен-байлыктарлы элге алмакпыз, элдин улушун 80 кылмакпыз, шайлоо системасын ондомокпуз, коррупцияны жоймокпуз, элдик курултай жонундогу мыйзамды эбак алмакпыз, С.Жээнбеков менен М.Абылгазиев колду, бутту толгоп алдыртпай койгон»-дебесе болду.
УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ!
Бизсиз, сизсиз, азыркы Жогорку Кенешсиз, Окмотсуз деле, эртеби, кечпи кыргыз эли оз бийлигине, оз байлыгына толук ээ болот. Депутаттарды тике, туз тандап шайлайт. Кен-байлыктарды чет-элдик шумпайлардан кайтарып алат. Маселе убакытта эле. Качан? Ошондо Акаев-Бирштейиндин ишин аткарышкан, мурдагы бардык Окмот башчылар, министрлер, депутаттар, ошондон бери бугунку кунго чейин, ошол коррупциялык келишимдерди буздурбай коргоп журушкон Президенттер, Окмот башчы, депутаттар, – баары эл алдында бирдей жооп берер кун да келет. Аларга эскируу мооноту жок! Окундургону Убактылуу Окмоттун бир топ мучолору, айрым революционер -депутаттар ошол Акаевдик коррупциялык маселелер, Бакиевдик мыйзамсыз шайлоо системасы, башкаруунун туру, бийликтин эл адындагы отчеттуулугу, кыргыз улутунун келечеги жонундогу маселелер боюнча унун чыгармак тургай, айрымдары ал маселелерге активдуу каршылык корсотуп жатканына тушунбойсун?! Ушундай бийик-бийик кызматтарга, абалга, депутат болгонго 7-апрель жол ачпады беле?!
Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиздин алдынызда кыргыз башы болуп тарыхта кала турган толук мумкунчулук турат. Пайдаланыныз! Уй-булоолук Парламент, Окмот, партия мурдагы президенттердин бирин да сактап калган эмес!
Чыныгы улут лидери бир партияга эмес, жалпы элге таянып иштейт.
УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР! Мен бул создорду 7-апрель элдик революциянын 10 жылдык кунундогу жыйында айтам деп умуттонуп журдум эле. Короновирус деген тумоо, мени Кыргызстанга, сиздерге жеткирбеди. Озум жетпесем да унум жетсин деп, ушул кайрылуу менен чыгып олтурам. Ар дайым жамандыктын артынан жакшылык келет. Короновирус менен жашоо, турмуш бутпойт, мун жалпы элге келген сыноо катары кабыл ал.
Миндеген жылдар кыргызды буга окшогон тумоолор, зил-залала кырсыктар, тарыхый душманы кытай менен калмактар жене алган эмес. Акыркы 170 жылдай мезгилде кыргыз «киргиздешти», бирок орусташкан жок! 1916-жылкы тукумкурутта аман калды. Азыр кыргыз эгемендуулугун алган, оз мамлекети бар кутман элге айландык. Бул биздин эн башкы байлык!
Кыргызды жалпы элге тийчу ар кандай зил-зала, тумоолордон, сырткы, ички душмандардан торт нерсе сактап коргоп келген:
-БИРИНЧИСИ: кыргыздын колдоочусу бар, ал жараткан жалгыз. Бир кудай озу ар дайым кыргызга жар болуп, ар кандай балее тумоолордон, душмандардан сактап келген. КУДАЙ ДЕЙЛИ!
-ЭКИНЧИСИ: жалпы элге келген ар кандай апааттарда, жамандык жакшылыкта, душмандарга кыргыздар бир муштумдай бириге калып, каршы туруп жене билген. УШУЛ ЫНТЫМАК САЛТЫБЫЗДАН ЖАНБАЙЛЫ!
-УЧУНЧУСУ: тугонот десе кайра тутоп, кырылат десе кайра кучоп, ар кандай апааттарда, согуштарда кыргыз духун жоготкон эмес. ДУХУНДУ ТУШУРБО КЫРГЫЗЫМ!
-ТОРТУНЧУСУ: Кыргыздар иммунитет, духун тоолордон, тоо койнундагы молтур кашка суулардан алып турган. Тоолор кыргыздын жаны, уйу, коргоочусу болгон. Ошон учун кыргыз тоо буркутундой эркиндикти суйгон эл. Жалпы адамзатына тушкон азыркы короновирус балееге да КЫРГЫЗЫМ ТООДОЙ БОЛУП БИЙИК ТУР!
Эгерде биз азыр интернет-сайттарда чыгып жаткан тири шумдук миш-миштерге, ар нерсеге наалыган, бироого таарынгандай айтылып, жаткан нерселерге, пессимисттик ыр куулорго конул чоктурбой, паникага тушпой, акыл, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылсак, озубуздун бийликтин,  медиктерибиздин аныктаган, бекиткен санитардык эрежелерди бекем сактап аткарсак, бейчееки(дайди) нары-бери басканды, суйлогонду азайтып-жалпы аракеттенсек,  короновирусу да анын артынан саясый коррупциясы да биздин АЛА-ТООБУЗДАН озу эле качып кетет!
ЭЙ КЫРГЫЗ! КОТОР БАШТЫ, ДУХУНДУ ТУШУРБО!
Сени 16-апрелден кийин торт тулук малын менен ЖАЙЛООН, кетмен шайманын менен ЭГИН ТАЛААН АЛМА БАГЫН, эт, сут, айран, кымызын, жер жемиш, жашылчаларын менен БАЗАРЫН КУТУП ТУРАТ!
Саламым менен А.Бекназаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: