Menu

Жыл башынан бери 9 миң тоннадан ашык картошка экспорттолду

Бөлүшүү:

2020-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынан 9 136,46 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Негизинен импортер-өлкөлөр – бул коңшу мамлекеттер. Эң чоң көлөмдө картошка Өзбекстан Республикасына сатылган. Дээрлик 6,5 миң тонна экспортолгон. Андан кийин Түркмөнстан – 2 миң тоннага жакын. Мындан тышкары Кыргызстандын картошкасы Россия Федерациясына, Казакстан Республикасына, Беларусь Республикасына жана Украинага экспорттолот.

Учурда  9 миң тонна картошка Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан берилген фитосанитардык сертификаттын негизинде экспорттолуп жатканын белгилеп кетүү керек.

Учурда республика боюнча 47 миң тоннадан көбүрөөк картошка калды. Анын басымдуу бөлүгү ата мекендик рынокко сатыкка чыгарылат. Бүгүнкү күндө 1 кг картошканын орточо баасы 25 сом. Картошканын калган бөлүгү айдооь иштерине пайдаланылат.  Товарды экспорттоо маселесине токтолсок, дүйнөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда көпчүлүк импортерлор транспорт менен Кыргыз Республикасынын аймагына өтө албай жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: