Menu

Сейтек Атамбаев, Алмаз Атамбаевдин уулу: “7-апрель Убактылуу өкмөттүн күнү, мародерлордун күнү, банк ячейкаларын тоногон каракчылардын күнү, эл шайлабаган президент келген күн, эл сыздаган күн!”

Бөлүшүү:

7-апрель кыргыз элинин үмүтүбү же күйүтүбү?

Бүгүн, Элдик революциясына 10 жыл. 2010-жылы өз элин тезек тердирткен үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жана бийлик мамлекетибиздин төрт бурчун бекем кысып, баардык системаны өз чөнтөк киреше булагы катары иштеткенине чыдабай эл каршы чыгып, 87 эр-азаматтар окко учураган. Канчасы инвалид болуп калды…

Бүгүн биз 10 жылдыкты белгилемекпиз, балким шаан-шөкөт менен. Жараткан Аллах деле калыс окшойт. Мамлекетибизде эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрүп, бул 10-жылдык майрамдык датаны дал ушул карантинге алып келип кептеди.

7-апрель Бакиевдин чөөлөрү өлкөбүздү тоноп, кайра башка беткап кийип келген күн, Убактылуу өкмөттүн күнү, мородерлордун күнү, кызыл өңгөчү чоң жансакчылар, шопурлар бийликке келген күн, банк ячейкаларын тоногон каракчылардын күнү, эл шайлабаган президент келген күн, эл сыздаган күн! Дүйнө тарыхын карасаң, революциядан кийин өзгөрүү келет. Бизде келген жок. Анан кантип биз майрамдайбыз? Кантип биз 87 мерт кеткен эр-азаматтарга арнап иш-чара өткөрөбүз? Кантип биз башкаларга мактанабыз? Кайсыл арыбызга?

10 жылда эмне өзгөрдү? 120 депутатты сатып ала албайсың делген Конституция жоголду, шоопур-жансакчылар бийликтин башында турушту, жаштарыбызга татыктуу билим бере албадык, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрбөдүк, аскерибизди тыңытпадык, чек-ара маселелерин чечпедик, пенсия-пасобияларды жарытып бере албадык, айлык-маяна колго алаарлык эмес жана башка маселелер көп.

120 эмес 240 депутат болсо дагы сатып ала турган Конституция экендигин билип отурабыз. Булардын эмне кереги бар? Бир мандаттуу 75 орундук Парламент жетишмек. Өз районунан, айылдарынан чыккан эр-азаматтар келгени элге пайда алып келмек беле дейм.

Коронавирус эле биздин ким экенибизди аныктап койду! Бүгүн Кыргызстаныбызга мобилдүү өкмөт керек экендигин азыркы кырдаал айтып турат. Каалайбызбы, каалабайбызбы башкача кадамдарга барып, биз өнүгүү үчүн жол куруубуз керек.

Буйруса элибиз, жерибиз аман болсун! Аллахыбыз бөөдө кырсыктан сактап, башыбызга түшкөн сыноолорду жеңил кылсын.

https://www.instagram.com/p/B-rx_wGjJl7/?utm_source=ig_web_copy_link

Сейтек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: