6-апрель күнү кечки саат 19:50дө Ош шаарында Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевди үйүнө жеңил машина жеткирип келет. Коменданттык сааттын башталышына 10 мүнөт калгандыктан ал үйүнө шашылат. Анын үйүнүн жанында карантиндик пост болгондуктан ал посттогу милиция аны жеткирип келген айдоочуну кармап, текшере баштайт. Үйүнө кирип бараткан сот “айдоочу 10 мүнөттө, коменданттык саат башталганча жетип алсын” деп милицияга кайрылып, милиция ага көңүл бурбай, сот менен милиционердин ортосунда жаңжал чыгат. Натыйжада сот Мыктыбек Касымалиев милицияга кол көтөрүп, саат 19:55 те кармалат. Милициянын айтымында анын оозунан спирт ичимдигинин жыты келгендигининен мас болгон деп да айыпталууда. Бул тууралу биздин күч структураларындагы жеке булактар билдирди.
Эми Мыктыбек Касымалиев мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн деп бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Ал күнү Мыктыбек Касымалиев Ош облустук сотунда нөөмөттө болуп, жумушу аяктагандан кийин, коменданттык саат башталганча үйүнө жетип алууга шашылып келе жатып, үйүнө кирип баратып, айдоочуга болушам деп, милиция менен мушташа кеткен.
Мыктыбек Касымалиев КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери, КСДПчы Аида Касымалиеванын бир тууган агасы болот. Ал 2016-жылы Атамбаевдик режим учурунда, КСДП баарын чечип турганда Ош облустук сотунун судьясы болуп шайланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ