Menu

Калктын социалдык аярлуу катмарына көрсөтүлүүчү жардам тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

Турмуштук оор шартта калган жарандарды колдоо үчүн гүманитардык азык-түлүктүн топтомун таркатуу башталды. Бул иш даректүү түрдө, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлиги тарабынан берилген тизменин негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары бул процесске Бишкек шаардык мэриясы жана Чүй облустук администрациясы (Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан конуштар) кошулду. Аларда муктаждардын, ошондой эле жергиликтүү аймактык органдар жана кварталдык участоктор аркылуу жардамды бөлүштүрүү тизмеси бар. Мыйзамдыштырыла элек конуштарда тизмелерди түзүүгө жергиликтүү активисттер тартылган.

Активдүү жарандардын катышуусунда түзүлгөн Элдик жардам штабы 1277 номери боюнча жашоочулардан колдоо көрсөтүү боюнча маалымат алышат. Штабда кайсы даректер боюнча азык-түлүк топтому берилери жеринде, штабда чечилет. Азыктарды ташууга ыктыярчылардын 100 унаасы катышууда.

2020-жылдын 5-апрелинен тарта Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөтүлө баштады.

Штабдын жана анын call-борборунун ишине ыктыярчылар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери ыктыярдуу түрдө катышып жатышат.

2020-жылдын 6-апрелине карата өлкөнүн жарандарына төмөнкү азык-түлүк жардамы көрсөтүлгөн:

* АЗЫК-ТҮЛҮК ТҮРҮНДӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛГӨН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН САНЫ: 44245
Бишкек ш. (Жардам штабы)  6805
Бишкек (Мэрия) 2993
Ош ш. 2704
Чүй облусу 11358
Ош облусу 9150
Баткен облусу 4358
Жалал-Абад облусу 0
Нарын облусу 1200
Талас облусу 1665
Ысык-Көл облусу 7005

* Маалымат Элдик жардам штабы тарабынан берилген.

Азык-түлүк топтому кайрымдуулук уюмдар, кайдыгер эмес жарандар жана бизнес тараптан берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, белгилүү бир маселелер азык-түлүк топтомун даректүү «жеткирүүнү» шарттайт, анткени бул жагдайда чындыгында оор кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүү өзгөчө маанилүү. Буга байланыштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси борбордук жана муниципалдык органдарга муктаж болгондордун тизмесин бириктирген программаны иштеп чыкты.

Мындан тышкары 1277 номерине жана «Биз барбыз» кыймылынын телеграмм-каналына жардам берүү тууралуу келип түшкөн бардык кайрылуулар кайталоону жоюу максатында жардамдар ушул программага жазылып турат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылды. Ага мамлекеттик, жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар каражаттарды сала алышат:

Алуучу: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ИНН: 01003199710041
БИК: 440001
Эсеп номери: 4402011103034541
Банк: КР ФМ Борбордук казначылыгы
төлөм коду: 14511900

2020-жылдын 6-апрелине карата маалымат боюнча эсепке 6 466 962, 39 сом түшкөн. 

Келип түшүүчү финансы каражаттары атайын түзүлгөн Комиссия (Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук жардам түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия) тарабынан бөлүштүрүлүп, азык-түлүк топтому түзүлүп, андан соң жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Элдик жардам штабы аркылуу ыктыярчылардын жардамы менен таркатылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: