КРнын Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы өлкө аймагында таажывирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча чечимине ылайык, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон.
Буйрукка ылайык, 16-марттан 8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланган.
Бүгүн, 8-апрелден тарта окуучулар 4-чейректи аралыктан окуп башташат.
210 мугалим видеосабактарды жасашкан. “Баластан” телеканалынан башталгыч класстардын окуучулары үчүн да видео сабактар көрсөтүлөт. Ал эми 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “5 канал”, “Пирамида” жана “Санат” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ