“Кечээ, 7-апрелде республиканын аймагына тарап жаткан гуманитардык жардам –Талас облусуна дагы жетип, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди. 50 тонна ун жана 3 000 даана бет капты – жергиликтүү бийлик жана активдүү жаштар тийешелүү даректерге жеткирүүгө көмөк кылышты, аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, ишемби күнү Талас облусуна дагы кошумча 50 тонна ун жөнөтүлөт”, – деп билдирет КР Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов бүгүн, 8-апрелде.
“Белгилей кетчү нерсе, касиеттүү Талас жергесинде илдет катталган жок. Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун жамааты таластык туугандарыбызга ден-соолук каалап, кырсык-оорулардан алыс болуӊуздар деген тилегибизди билдиребиз!” – деп кошумчалайт Матраимов…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ