Кечээ, 7-апрелде болжол менен саат 19:30да Репин көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам топ КБП (ППУ) унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган” – деп айтылат маалыматта.
Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ