Тажикстанда тургундардын көбү сарымсак менен лимон иммунитетти чыңдап, коронавирустан коргой турганына ишенүүдө. Буга байланыштуу өлкөдө бул азыктарга суроо-талап жогорулап, баалары кескин жогорулады.
Ушу тапта Душанбе базарларында сарымсактын бир килограммы 11 доллардан, лимондуку үч доллардан сатылууда.
«Сортуна жараша мурда лимондун килограммы 8-12 сомони болчу. Азыр 30 сомониден сатылып жатат. Чек ара жабылганга чейин сарымсак негизинен Кытайдан келип жаткан. Азыр дээрлик жок калды. Буга байланыштуу анын баасы 40 сомониден 120 сомониге көтөрүлүп кетти», — деди Душанбе базарындагы сатуучулардын бири.
Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ