Бүгүн, 8-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда дагы 42 адам таажывирусун жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымы боюнча, жаңы учурлардын ичинен 16сы эркек жана 26сы аял.
Жаңы учурлар: Бишкек шаары – 10 адам, (9у сырттан келген, 1сү медициналык кызматкер), Чүй облусу – 2, Нарын облусу – 5, (2сү сырттан келген, 3 туруктуу тургундардын арасынан), Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 24, (8и сырттан келген, 16ы туруктуу тургундардын арасында, анын ичинде 13ү медициналык кызматкерлер).
Ошентип, Кыргызстан боюнча 270 адам таажывирусун жуктуруп алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ