Кечээ, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахайяндын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Дабинин Ханзада мураскери, Бириккен Араб Эмираттарынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын ортосунда ушул жылдын 6-апрелинде болгон сүйлөшүүнү уланта, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен колдоо көрсөтүү маселелерине жана көрүлүп жаткан чараларга өзгөчө көңүл бурушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ